КҮЙҮКОВА Даркүл

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЙҮКОВА Даркүл [15. 5. 1919, Пишпекке (азыркы Бишкек ш.) жакын Төкөлдөш кыш. –

20. 3. 1997, Бишкек] – кино жана театр артисти, СССР эл арт. (1967), Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. Лауреаты (1987). Аткаруучулук ишмердиги 1936-ж. Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрында башталган. 1941-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген. Анын чыг-лыгында өзгөчө татаал мүнөздөгү, эрки күчтүү каармандардын образдары басымдуулук кылган. Аткарган ролдору – Зайнап (А. Токомбаев, «Ант»), Софья (И. Бехтерёв, А. Разумовский, «Суворов кол башчы»), Жаңыл (К. Маликов, А. Куттубаев, «Жаңыл») ж. б. образдар эмоциялуулугу, таасын табылган кайталангыс мүнөздөрү, курч сатиралык багыты менен айырмаланган: Курцюс (Л. Тур, «Көмүскө көчөдөгү үй»), Панова (К. Тренёв «Любовь Яровая»), Кабаниха (А. Н. Островский, «Добул»), Милфорд айым (Ф. Шиллер, «Жүзү каралык жана сүйүү»), Ши-Пын (Цао Юй, «Тайфун»), Салкын, Гүлай, Айганыш (К. Жантөшев, «Курманбек») ж. б. Образ түзүүдө анын гармониялык бирдиктүүлүгүнө жетишкен жана социалдык маанисине терең кирип, ал чөйрөнүн чыныгы маанисин көтөрүп чыккан К. жараткан Гонерилья (У. Шекспир, «Король Лир»), Васса (М. Горький, «Васса Железнова»), Сицзу (М. Каору, «Уурдалган өмүр»), Уулбала (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Ли (Т. Абдумомунов, «Таалай гүлдестеси»),

Д. Күйүкова – Толгонай, Ч. Айтматов. «Саманчынын жолу» спектаклинен көрүнүш, 1965.
Зулайка (Ш. Сады­бакасов «Ак боз ат»), Зукеш (М. Байжиев «Балдар бойго жеткенде») ж. б. ролдору анын ички драматизмге бай зор темпераментине ээ. Толгонай (Ч. Айтматов б-ча, «Саманчынын жолу») К-нын эң бийик актёрлук чеберчилиги менен оптимизминен жаралган эң күчтүү жана таасирлүү, салмактуу жана монументалдуу образ. Кийинки мыкты ролу – Сур эчки (М. Байжиев, «Байыркы жомок») ж. б.

Д. Күйүкова – жеңе. «Биринчи мугалим» фильминен бир көрүнүш.

«Манастын уулу Семетейдеги» (Ж. Садыков) Чыйырдынын ролу үчүн мамл. сыйл. татыган. К. кинодо да («Биринчи мугалим», «Аптап», «Ак кеме», «Аталар өрөөнү» ж. б.) бир топ ролдорду жараткан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (8-шайл.) депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.