КӨПҮРӨ (инженердик курулма)
КӨПҮРӨ – жол курууда кездешүүчү ар кандай тоскоолдордун (канал, дарыя, капчыгай, терең сай ж. б.) үстүнө тургузулуучу инж. курулма. Ал автомобилдик, т. ж-дук ж-а жөө кишилер өтүүчү болуп бөлүнөт да, шаар көчөлөрүнө ж-а шаардан сырткы жолдорго салынат. К. бышык ж-а узакка чыдамдуу курулуш материалдарынан тургузулат. К-нүн негизги бөлүктөрү – түркүктөр (тирөөчтөр, четки таянычтары) ж-а аралыгын туташтырып туруучу атайын курулуш материалдары (пролёттук констр.). Дарыя м-н каналга салынган К., виадуктар ж-а эстакадалар (суусуз тоскоолдорго салынган), жол өткөөлдөрү (жол үстүнө салынган) болуп айырмаланат. Негизги бөлүктөрү курулган материалга жараша жыгач, таш, темир-бетон ж-а болот К. деп аталат. Негизги констр. системасы б-ча устундуу К., арка түрүндөгү, рама түрүндөгү, асма, вант түрүндөгү ж-а айкалышкан К. болуп айырмаланат (к. сүрөт.). Алгачкы арка констр-


сын римдиктер колдонуп (б. з. 100-ж.), мындай констр. м-н Алькантара К-сү Тахо д-на курулган. Европада бул типтеги К-лөр 14-к-дан баштап курула баштаган, мис., Флоренциядагы (Италия) Понте Веккио К-сү 1345-ж. аяктаган. 1979-ж. курулган Колбрукдейлск темир К-сү жаңы, темир ж-а металл арка констр. эрасынын башталышы болуп калды. Кийин тирөөч аралыгы 500 м болгон Сиднейдеги (1932) ж-а Нью-Йорктогу Байоннск (1930) К-лөрү курулган. 1882–89-ж. Шотландиядагы Фортский К-сү, 1964-ж. курулган Сиднейдеги бетон аркалуу тирөөч аралыгы 305 м болгон Глейдсвиллск К-сү курулган. Кеңири таралган асма К-лөр үч канаттан туруп, эки жак учуна тең анкердик бекиткичтер байланган. К-нүн өзгөчө түрлөрү – калкыма, ачылма ж-а ачылып-жыйналма К-лөр да болот.