КӨНӨЧӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨНӨЧӨК - төөнун терисинен ышталып жа­салган, көнөктөн кичирээк келген көн идиш.
Туп жагынан кууш оозуна жыгач алкак салы­нып, оозунун эки жагынан тушташ тешик көзөлуп, аларга кылдан, кайыштан боо та­гылган. Айрым­дарына жыгачтан капкак, о. эле чор­го жасалган. К-тун сырты ж-а капка­гы оймо-чийме, купа, чачы м-н кооздолгон. К. да көөкөр, көнөк, са­баа сыяктуу эле ыштыкта ышта­лып, даяр болгондон кийин урунулган. Суюк тамак, кымыз, айран куюуга ж-а каймак жый­ноого керектелген.