КӨНӨК
КӨНӨК - төөнун терисинен ышталып, кептелип (к. Кептөө) жасалган көн идиш. Ага бээ саап, кымыз куят. Чакан К-тун сыйымд. 10- 12 лге барабар. Туп жагы оозунан бир аз кеңири келип, чоргосу 17-20 смдей, бийикт. 25-30 см, диаметри 25- 30 смдей. К-тун оозуна 3-4 смдей жыгач алкак коюлуп, кайрылып тигилип, эки жагынан эшилген же өрулгөн жоон кылдан боо тагылат. К-тун чоргосунун ички жоон тубунө кыл чыпка

коюлуп, андан саалган сүт өткөн. Суттун, кымыздын даамы К-тө бузулбай сакталган. Ышталып, жакшы колдонулган К. көпкө чыдаган.
К-тун сыртына, алкагына, чоргосуна оймо-чийме тушурулуп, кээде алкагына ж-а боо байланчу жерине жез, кумуш, купалар да чөгөрулгөн.
Учурда К. сейрек кездешет.