КЫЗЫЛ БАЛЫРЛАР
КЫЗЫЛ БАЛЫРЛАР (Rhodophyta) – балырлар бөлүмү; түрдүү түстөгү бир ж-а көп клеткалуу организмдер. Хроматофорунда хлорофилл, каротин, ксантофилл, фикоэритрин, фикоциан сыяктуу пигменттер болот. Бул пигменттерге жараша К. б. түрдүү түстө (ачык кызыл, кочкул кызыл, көгүш кызыл, саргыч кызыл, көк жашыл) кездешет. К. б. жип сымал же топтошкон өсүндүлөр, бутакчалар, пластинкалар, кээде «сабакча», «жалбыракчалар» түрүндөгү талломдуу өсүмдүктөр. Негизинен океан, деңизде, аз санда тузсуз сууда жашайт. Көпчүлүк жөнөкөй түзүлүштөгүлөрүнүн клеткалары

бир, татаал түзүлүштөгүлөрүнүкү көп ядролуу болот. Бир клеткалуу ж-а колониялуу формаларында вегетациялык көбөйүүсү клеткаларынын бөлүнүүсү м-н жүрөт. Жыныссыз көбөйүү – моноспора, тетраспоралар, жыныстык көбөйүүсү оогамия аркылуу ишке ашат. К. б-дын 600дөн ашык уруусу, 4 миңге жакын түрү белгилүү. Кырг-ндын өзөн сууларында К. б-дын 5 түрү кездешет.