КЫРК-КЕЧҮҮ
КЫРК-КЕЧҮҮ , К ы р к - К е ч и к – Ак-Бууранын оң куймасы; Кара-Суу р-нундагы суу. Уз. 45 км, алабынын аянты 425 км2. Алай кырка тоосунун түн.-чыгыш тармагы Ак-Туур тоосунун түн.-батыш капталынан башталат. 13 куймасы бар; ирилери: Берксуу, Талды-Булак (сол). Негизинен кар, мөңгү сууларынан куралат.
Жылдык орт. чыгымы 3,10 м3/сек. Эң көбү июнь–
июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чыргай, Кызыл-Ой, Ак- Терек ж. б. кыш. жайгашкан.