КЫРК-КАРАКЧЫ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРК-КАРАКЧЫ ТООСУ Исфана өрөөнүнүн түндүгүндө кеңдик багытта 22 кмге созулуп жа-

тат. Туурасы 5 км. Деңиз деңг. орт. бийикт. 1800–1900 м, эң бийик жери 2272 м. Тоонун кыры тайпаң, анда-санда тик чокулар кездешет. Капталдары жантайыңкы, кокту-колоттору аз. Палеогендин чопо, алевролит, кумдук, акиташ теги, доломит ж-а гипс тектеринен турат. Көмүр кени бар. Тоонун ландшафттары негизинен кур­гакчыл келип, чөл, жарым чөл, кургак талаа ж-а талаадан турат. Каптал-жондору чөп-чабын­ды, жайыт катары пайдаланылат; кайрак эгин айдалат.