«КЫРГЫЗШАМПАНЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗШАМПАНЫ» , Ш а м п а н-ш а р а п к о м б и н а т ы– жоопкерчилиги чектелген коом (2007), ишкана. 1948-ж. негизделген. Со­вет мезгилинде 6 аталыштагы шампан, 30 ата­лыштагы жүзүм шарабы, коньяк спирти, мөмө­жемиш ж-а жүзүм шарап материалдары чыга­рылган. 1970-жылдан ачыткыч акратофордо даярдоо ыкмасы м-н даярдалган. 1980-жылда­ры жылына орто эсеп м-н 6 млн бөтөлкө «Со­ветское шампанское» өндүрүлгөн, ал эми 1992- жылдан 5 млн, 2004-жылдан 197 710 бөтөлкө чыгарылган. Шампан ж-а жүзүм шараптары СССРдин Бүткүл союздук эл чарба көргөзмөсүнүн ж­а эл аралык конкурстардын 51 алтын, күмүш ж-а коло медалдарына татыктуу болгон, а. и. «Советское шампанское» (Будапешт, 1958), «Мус­кат фиолетовый» (Будапешт, 1960; София, 1966), «Киргизстан» (Ялта», 1970) продукцияларына алтын медаль ыйгарылган. 2007-ж. «Шампан­шарапкомбинаты» ж-а «Кантвино» комбинат­тары биригип, «Шампаншарапкомбинаты» Биш­кек ш-нын борборунан Новопокровка кыш-на, шарап з-дунун аймагына көчүрүлгөн. Компания­нын өндүрүшү реконструкцияланып ж-а модер­низацияланып, анда алдынкы техника м-н жаб­дылган цехтер курулууда. Комбинат өндүрүш­түн көлөмүн көбөйтүү ж-а жаңы багыттарды өздөштүрүү, региондук рыноктордо өңүтүн чың­доо, ассортиментин кеңейтүүнүн үстүндө иш жүргүзүүдө.