КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ – эл аралык жогорку окуу жайы. Кырг-н м-н Түркия мамлекеттеринин ортосундагы Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде 1995-ж. Бишкек ш-нда ачылган. Ун-т эки тараптуу келишимдин негизинде курулгандыктан, өзгөчө статуска ээ жогорку билим берүүчү жай болуп эсептелет. Ун-ттин жогорку башкаруу органы – Камкорчулар кеңеши. Бул кеңеш англо-саксон ун-т моделинде түзүлгөн көз каранды эмес уюм катары эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосунда-

гы мамилелерди жөнгө салып турат. Текшерүү комиссиясы эки тараптан тең дайындалат. Көп улуттуу проф.-окутуучулук курамы Кырг-ндын ж-а Түркиянын квалификациялуу адистеринен түзүлгөн. Ун-тте 25 адистикке даярдоочу 11 ф-т ж-а 2 жогорку мектеп, окутуучулар үчүн туракжай, студенттик жатакана, басмакана, спорт комплекстери, конгресс борбору, китепкана ж. б. иштейт. Аталган ф-ттерде ж-а жогорку мектептерде дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн келген студенттер билим алышат. Докторантура ж-а магистратура программалары ачылган. Берилген диплом
эки мамлекет үчүн тең жарактуу болуп эсептелет. Ун-ттин ректорлору К. М. Молдобаев (1995– 2003), С. Кайыпов (2003–11), Себахаттин Балжы (2011-жылдын сентябрь айынан).