«КЫРГЫЗ ТЕЛЕФИЛЬМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗТЕЛЕФИЛЬМ» – КТРКнын теле­фильмдерди чыгаруучу студиясы. 1969-ж. чы­гармачыл бирикме катары уюшулуп, 1973-ж. студияга айланган. Студия чыгарган алгачкы көркөм телефильм «Ак Мөөр» (реж. М. Убукеев), Кыргыз эл акыны А. Токомбаевге арналган «Күүнүн сыры» (автору У. Токомбаев), «Көз айнекчен» (реж. А. Видугирис; 47 өлкө сатып алган), «Сокур кемпир көрөгөч», «Той» (реж. А. Айтыкеев) аттуу фильмдер фестивалдардын байге, дипломдоруна татыган. Респ-да «Ой-Арт», «Бегим», «Айтышфильм» ж. б. менчик студия­лар да иштейт. «К.» студиясынын туңгуч ди­ректору ж-а башкы редактору: К. Өмүркулов, кийин У. Токомбаев (башкы редактору) болгон. Студиянын директорлору: И. Усубакунов, Э. Са­рыбаев, К. Орозалиев, Г. Базаров, Т. Ибраги­мов, 2006-жылдан А. Жангазиев. (Сүрөтү жого­руда).

«Тыянак» телефильмин тартуу учуру. 2007.