«КЫРГЫЗСТАН МАДАНИЯТЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗСТАН МАДАНИЯТЫ» – маданий мен­чик басылма. Кырг-н Жазуучулар союзу м-н мурдагы Кыргыз ССР Мад-т министрлигинин органы катары 1967-ж. январда уюштурулуп, жумасына бир жолу чыгып келген. «К. м-на» ад-т таануу, адабий сын, драматургия, кино, му­зыка, сүрөт, арх-ра, элдик көркөм чыг-лык, тил илими ж. б. тармактар б-ча макалалар, изил­дөөлөр жарыяланган. О. эле коомдук турмуш, философия, социология, экономика, илим-тех­никанын маанилүү маселелери да кеңири чагыл­дырылган. Газета калкты идеялык, эстетика­лык, ыймандык жактан тарбиялоого да көңүл бөлгөн. 1977-ж. «К. м-нын» нускасы 50 миң нуска болсо, 1988-ж. 60 миңге чейин жеткен. 1991-жылдан мезгил-мезгили м-н жарык көрүп турат.