КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ – Борб. Азиядагы ири музейдин бири; 1925-ж. 9-декабрда уюшулуп, Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездине карата (5. 3. 1927) ачылган. Алгач М. В. Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгашкан. Музейдин туңгуч директору ж-а анын этнография бөлүмүн негиздөөчү С. М. Абрамзон болгон. 1930-жылдан этногр. ж-а табият таануу б-ча коллекцияларды жыйнап-топтоо маселесине көңүл бурулуп, 1941-ж. А. Н. Бернштамдын жетекчилиги м-н тарых-археол. бөлүмү түзүлгөн. С. Керимбаев, К. Үсөнбаев, К. И. Антипина, В. Я. Галицкий ж. б. окумуштуу-тарыхчылардын демилгеси м-н 1947-ж. музейдин соц. курулуш бөлүмү ачылган. Архитектор А. П. Зенковдун долбооруна ылайык 1967-ж. музей мурунку Кыргыз ССРинин Өкмөтү жайгашкан имаратка көчүрүлгөн. 1973-ж. 28-декабрда 3500 м2 аянтка (45 зал) КРдин жалпы тарыхына байланыштуу байыркы палеолит доорунан XX к-дын 80-жылдарына чейинки эстеликтер (10 000 түп нускада) коюлуп, ил. мазмуну ж-а көркөмдөлүшү б-ча бул экспозиция Борб. Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы болуп таанылган. 1991-ж. В. И. Ленин атн. Борб. музейдин фи-

лиалынын жаңы имараты ыйгарылып, азыркы учурда музей фондусу 100 миңге жакын буюмга жетип, а. и. 48 миңи өтө маанилүү эстелик болуп эсептелет. Саймалуу-Таштагы таш сүрөт көчүрмөсү; коло доору, сак мад-тына таандык курал-жарак, турмуш-тиричилик буюмдары; Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтын буюмдар; байыркы көчмөндөрдүн полихром жасалгалары (б. з. I–V-к.), Түрк кагандыгына таандык таш жазуулары ж. б. археол. ж-а этногр. баалуу коллекция болуп саналат. Үркүнгө байланыштуу эстеликтер чогултулган. О. эле кыргыз элинин салттык мад-тынын үлгүлөрү болгон саймалар; ала кийиз, шырдак, улуттук кийим-кече ат жабдык ж. б. бар. Өзгөчө дата, юбилей ж. б. карата ил. конф-я, көргөзмөлөр уюштурулат, ил. изилдөө иштери жүргүзүлөт. 1925–33-ж. Кырг-ндын Борбордук музейи, 1933–43-ж. Мамл. край таануу музейи, 1943– 54-ж. Улуттук маданият музейи, 1954-жылдан Мамл. тарых музейи.
Ж. Медералиева.