КЫРГЫЗ-КЫШТАК
КЫРГЫЗ-КЫШТАК – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Кыргыз-Кыштак айыл округуна караштуу. Катраң тоосунун этегинде, Фергана – Кокон автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 500 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 90 км түн.-батыш тарапта. Алты-Арык т. ж. бекетинен (Өзбекстан) 60 км. Калкы 3724 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, ФАП, мончо, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануучу ж-а соода жайлары иштейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры М. Миталипов туулган.