«КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУ – эл ж-а шаар аралык электр байланы­шын (телефон аркылуу) уюштурган Кырг-нда­гы ири телекоммуникация компаниясы. Анын негизги максаты респ-нын ар бир кардарынын бүткүл дүйнө м-н баарлашуусун түзүү. Анда 77,84% мамлекеттин, 12,51% социалдык фонд­дун ж-а 9,65% жеке-юрид. жактын үлүшү бар. Кызматтары: жерг., шаар ж-а эл аралык теле­фон байланышын түзүү; телеграф байланышы, радио ж-а теле берүү, радиофикация; автомат­тык телефон байланышынын кошумча кызмат­тарын кардарларга көрсөтүү; маалымат кызмат­тары; маалыматты жеткизүү ж-а интернет (ин­тернет почтасы); интеллектуалдык түйүн бай­ланышынын кызматтарын көрсөтүү ж. б. Ага Бишкек шаардык телефон байланышы; Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен обл. филиалдар; респ-лык радиорелей­дик магистралдар өндүрүшү (теле ж-а радио берүүлөр үчүн); балдарга билим берүү ж-а тарби­ялоо борбору кирет. Учурда компания телеком­муникациялык байланыштарды жаңылоо дол-

«Кыргызтелекомдун башкы имараты». боорлорунун үстүндө иш жүргүзүүдө (цифралык, спутник тех. колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн байланыш ж. б.).

Э. Үсөнов.