КЫРГЫЗСТАН 1
КЫРГЫЗСТАН – Талас обл-нун Бакай-Ата р-нундагы кыштак. Оро айыл округуна караштуу. Талас – Жамбыл автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1187 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 22 км түн. тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 59 км. Кыштак 1928-ж. негизделген. Калкы 2665 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар. Тегирмен, пилорама, соода түйүндөрү иштейт.