КЫРГЫЗ-КЫШТАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ-КЫШТАК – Баткен обл-нун Кадам­жай р-нундагы кыштак. Кыргыз-Кыштак айыл округуна караштуу. Катраң тоосунун этегинде, Фергана – Кокон автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 500 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Пүлгөн кыш-нан 90 км түн.-батыш тарапта. Алты-Арык т. ж. бекетинен (Өзбек­стан) 60 км. Калкы 3724 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, ФАП, мончо, мечит бар. Турмуш-тиричи­лик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануучу ж-а соода жайлары иштейт. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры М. Миталипов туулган.