КӨӨЛҮ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨӨЛҮ ӨРӨӨНҮ Борб. Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоо (түндүгүндө) м-н Көөлү (түштүгүндө) тоо­лорунун аралыгында субмеридиан багытында жайгашкан. Ак-Суу районунун аймагында. Аян­ты 844 км2. Уз. 51 км, туурасы 2-4 км. Бийикт. 2800-4000 м. Суунун тепши сымал тектирлери­нен турат. Оң өндүрүнүн орто ж-а төмөнкү бөлүгү тик, нымдуу, сол капталы жантайыңкы ж-а кургак. Өрөөндүн жогорку бөлүгү кененирээк.
Климаты континенттик. Жылдык орт. темп­расы -1,8°С, январдыкы -19,6°С, июлдуку 10,2°С. Жылдык жаан-чачыны 308 мм. Кышын­да кар жокко эсе. Шамал батыштан согот. Ай­магынын 30%ин мөңгү каптап жатат. Ириле­ри: Каракол-Төр, Кара-Төр, Ашуу-Төр, Сары-Чат, Моло. Катаал климаттык шарттарда көп жыл­дык тоң катмары пайда болгон. Чоң суусу - Көөлу. Өрөөндүн ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгүнүн тескей беттериндеги (2800-3000 м) каралжын токой топурагында шренк карагайы, тал, кара­ган, доңуз сырты, кара кыяк; сол өндүрүндөгү тоо-талаа каралжын топурагында шыбак, кыл­кандуу чөптөр, көдөө, төө сойгок 1өсөт. Субальп алкагындагы (3000-3400 м) тоо-шалбаалуу та­лаа ж-а талаа коңур топурагында доңуз сыр­ты, кара кыяк, коңурбаш, кымыздык, таран, кылкан чөп көбүрөөк; альп алкагындагы (3400- 3700 м) тоо-шалбаалуу каралжын чым-көңдуу топурагында доңуз сырты, кийик от, кылкан­дуу чөптөр ж. б. өсөт. Гляциалдык-нивалдык ландшафттарда ташка жабышкан эңилчек кездешет. Өрөөндө Ыссык-Көл обл-ндагы Ак-Суу районунун малы кыштайт. Тоют сактоо базала­ры, метеорол. станция бар. Өрөөндүн орто бөлү­гунө чейин машина жүрүүчү кара жол салын­ган.