КӨНӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨНӨК - төөнун терисинен ышталып, кепте­лип (к. Кептөө) жасалган көн идиш. Ага бээ саап, кымыз куят. Чакан К-тун сыйымд. 10- 12 лге барабар. Туп жагы оозунан бир аз кеңири келип, чоргосу 17-20 смдей, бийикт. 25-30 см, диаметри 25- 30 смдей. К-тун оозуна 3-4 смдей жыгач алкак кою­луп, кайрылып тигилип, эки жа­гынан эшилген же өрулгөн жоон кылдан боо тагы­лат. К-тун чорго­сунун ички жоон тубунө кыл чыпка

коюлуп, андан саалган сүт өткөн. Суттун, кы­мыздын даамы К-тө бузулбай сакталган. Ыш­талып, жакшы колдонулган К. көпкө чыдаган.
К-тун сыртына, алкагына, чоргосуна оймо-чий­ме тушурулуп, кээде алкагына ж-а боо байлан­чу жерине жез, кумуш, купалар да чөгөрулгөн.
Учурда К. сейрек кездешет.