КӨМҮР ӨНӨР ЖАЙЫ
КӨМҮР ӨНӨР ЖАЙЫ - оор индустриянын негизги тармактарынын бири. Көмүр казып алуу,
аны ылгоо ж-а брикеттөө иштерин жүргүзөт.
Энергия булагы катары, транспортто, хим. ө.
ж-нда колдонулат. Көмүрдөн хим. жол м-н
350дөн ашык продукция өндүрүлөт. Россия көмүр казып алуу иштерин 18-к-да баштаган. Натыйжада көмүр өндүрүү кескин жогорулаган.
СССР көмүр казып алуу б-ча дүйнөдө биринчи
орунду ээлеген. Кырг-нда көмүр казып алуу иштери Россия бийлик жүргүзүп турган кезде эле
башталган. Кийин СССР убагында бир топ ийгиликтерге жетишкен. 1976-ж. көмүрөндүрүү 1940-
жылга салыштырганда 3,1 эсе өскөн. 1976-ж.
Кырг-нда 11 көмүр өндүрүп алуучу ишкана иштеген. Респ-кабызда негизинен күрөң көмүр казылып алынат.
Ад.: Абдрахманов И. Угольная промышленность
Киргизии, Ф., 1970; Киргизстан за 50 лет. Ф., 1974.