КӨМҮРДҮ ГАЗГА АЙЛАНДЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМҮРДҮ ГАЗГА АЙЛАНДЫРУУ — жердин тереңдигиндеги эркин же бирикме түрдөгү кыч­кылтектин жардамы м-н көмүрдү газга айлан­дыруучу физ.-хим. процесс. Кабыл алынган сис­тема тоо-кен-геол. шартка жараша тик, жан­тайыңкы, жантайыңкы-түз көзөнөктөрдөн ту­рат. Көмүр катмарында көзөнөктөрдү пайда кылуу үчүн чыпкалуу бургулоо же суу м-н кат­марды талкалоочу көзөнөк талап кылынат. Кө­зөнөктөрдө реакция аймагы түзүлөт. Ошондон кийин гана акырындык м-н газга айландыруу иши башталат. Иш үйлөтүү жолу м-н жүрөт.
Катмарлардагы көзөнөктөрдө жүрүүчү хим. реак­ция газ генераторунда жүрүүчү процесске окшо­шуп кетет. Көмурду газга айлантканда, реакция аймагы орун которуп жылып турат. Too басымы­нын таасиринен устунку тоо тектер басырылат.
Анан газга айланган бош аянтты басып калат.
Натыйжада көмуру газга айланган жердин өл­чөму м-н тузулушу көпкө чейин туруктуу болуп турат. Мында технол. тутум эки турдө журөт: биринчиси - тирөөч тараптагы газ топтолгон боштуктар аркылуу газды уйлөтуп чыгаруу; экинчиси - газ топтолгон боштуктан тирөөчту көздөй газды уйлөтуп чыгаруу. Үйлөтуп чы­гарылган газдын төмөнку жылуулугу 3,2- 5 МДж/м3, кычкылтекке байытканда (60- 65%) же кычкылтектин буусу м-н уйлөгөндө 7,6 МДж/м3. Газ хим. курамы б-ча аммиак м-н көмурлуу суутекти синтездөөгө жарактуу. Көмур­ду газга айлантып отун өндуруу иши шахта натыйжасыз болгон учурда гана жургузулөт.
К. г. а. ыкмалары АКШда, Германияда, Япони­яда ишке ашууда.