КӨМҮРДҮ АКТИВДЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМҮРДҮ АКТИВДЕШТИРҮҮ — таш көмүр же жыгач көмүрүн чайыр сыяктуу заттардан ажы­ратып, көп сандаган майда көзөнөкчөлөрдү пай­да кылуу. Беттери жогорку сапатка ээ болгон көмүрлөр көптөгөн заттарды (углеводдор ж-а алардын туундулары - эң жакшы, ал эми спирт, аммиак, суу ж. б. начар адсорбцияланат) өзүнө сиңирип алуу касиетине ээ болот. Кээ бир поли­мерлер көмүрдү термиялык жол м-н эзип, жи­битип (абасыз көмүргө айландырууда), өтө майда көзөнөкчөлөрдү пайда кылат. Өтө майда көзөнөкчөлүү көмүрлөр аз заттар болсо деле си­ңирип алууга жөндөмдүү келет. Ири көзөнөктүү­лөрдө капиллярдуу конденсация процесси жүрөт.
К. а. өтө керектүү орг. заттарды алууда, суулуу эритиндилерден орг. бирикмелерди бөлүүдө, сор­гучтарды жасоодо, ичеги-карындагы зыяндуу заттарды тазалоодо колдонулат, к. Адсорбция.