КӨМӨЧ КАЗАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМӨЧ КАЗАН , таба, көмөчтан - нан бышырууга колдонулуучу чоюн идиш. Өзүнчө эки (астынкы ж-а үстүнкү) табакчадан турат.

Чокко ысытылган К. к-ды ич май м-н майлап, ага ачыган камырды тегиздеп жаап, К. к-дын үстүнкү бе­тин (экинчи па­йын) көмөрүп коёт; чок астына төшөлүп, үстүнө көмө үйүлөт.
Мындай бышы­рылган нан көмөч нан деп аталат. Көмөч нан жумшак, кубаттуу ж-а тогумдуу келет.