КӨЛ ЧӨКМӨЛӨРҮ
КӨЛ ЧӨКМӨЛӨРҮ - чөкмө тектердин көл түбүнө чөккөн катмарлары. Пайда болушу б-ча мех. (майда, орто, кесек, сай таш, кум, чопо), хим. (бор, мирабилит, таш туз, гипс, акиташ, сода ж. б.), орг. (чым көң, сапропель, диатомит, дары баткактар ж. б.) түрлөргө бөлүнөт. Туздуу ж-а тузсуз чөкмөлөрдөн турат. Тузсуз көлдөрдүн чет тарабынан мех. чөкмөлөр (түрдүү чоңдуктагы таштар, кумдар), орто жеринен чопо, мергель орун алат. Булардын арасында өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын калдыктары кездешет. Көл соолуй баштаганда жээктеринде чым көң, ортосунда сапропелит ылайы пайда болот. Туздуу, шордуу көлдөрдө хим. чөкмөлөр чөгөт. Көлдөр ар түрдүү (мөңгү, карст көлдөрү ж. б.) болгондуктан, пайда болгон чөкмөлөрү да түрдүүчө. Климаттык шарт (ариддик же гумиддик) ар түрдүү чөкмөлөрдүн пайда болушуна алып келет. К. ч. талкаланган тектердин кесектиги б-ча иргелиши, анчалык калың эмес катмарланышы, кээде линза түрүндө орун алышы м-н айырмаланат.