КӨЛӨМДҮК БУРЧ
КӨЛӨМДҮК БУРЧ , нерселик бурч-- багыттоочу сызыгы айланага геоморфтуу болгон конустук беттин (конустун) бир көңдөйү м-н чектелген мейкиндиктин бөлүгү (1-сүрөт).


К. б-тун жеке учуру үч грандуу ж-а көп грандуу бурчтар. 2-сүрөт. К. б-тун чен бирдиги стерадиан (гр. ste- reos - мейкиндиктик, нерселик ж-а радиан), белгилениши: ср. Стерадиан - бурчтун чокусуна сырттан сызылган, аянты сферанын радиусунун квадратына барабар болгон бетти чектөөчү К. б. Толук сферанын көлөмдүк бурчу 4р срге барабар.