КӨКӨМЕРЕН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКӨМЕРЕН КАПЧЫГАЙЫ – Ички Теңир-Тоо­до субмеридиан багытта жайгашкан антецедент­тик капчыгай. Жумгал районунда. Жумгал м-н Суу­самыр тоолорун бөлүп турат, өрөөндөрүн бай­ланыштырат. Уз. 46 км, туурасы 40–120 м. Кап­талынын бийикт. 600–1450 м, тиктиги 30–75°, кээде 80–85°. Баш жагында Сандык-Кишиней капчыгайы (капталы 40–45°) бар. Андан ылдый кененирээк Ой-Кайыңды (оң бети 38–40°), ан­дан кийин шагыл-корум, боз граниттүү Бороон­дуу (Бообек), орто бөлүгүндө Кызыл-Ой тектон.


Көкөмерен капчыгайынын орто чени.

өрөөнү, төмөнкү агымында кумдук ж-а акиташ тегин кескен Көк-Кайыңды (Курган), Ой-Терек­тен өткөндөн кийин түш.-чыгышка бурулуп, кууштап, Жумгал өрөөнүнө чыккан жери Үч- Кум-Күнгөй деп аталат. Мында туурасы 150– 200 мге жетип, сол жагында палеогендин кы­зыл чополуу конгломераты бар. Капчыгайдын чарбалык мааниси чоң; ГЭС каскаддарын куруу­га өтө ыңгайлуу.