КӨК-ЖАҢГАК ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ЖАҢГАК ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Сузак районунда, Курган-Таш суусунун оң жээгинде, Көк-Жаңгак т. ж. бекетинен 0,6 км түндүктө, кыш з-дунун жанында, деңиз деңг. 1310–1368 м бийикте. 1953-ж. чалгындалган.
Кендин уз. 1200 м, туурасы 400–500 мге жетип, түн.-батыштан түш.-чыгышка созулуп жатат. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилинде пайда бол­гон кумайлуу чоподон түзүлгөн. Анын калың­дыгы 11,7 мден 58,0 мге чейин өзгөрөт. Технол. изилдөөнүн негизинде кумайлуу чоподон «100», «125» маркасындагы кыш алына турган­дыгы аныкталган. Баланстагы запасы А кате­гориясы б-ча 305 миң м3, В – 476 миң м3, С – 960 миң м3.