КӨК-БЕЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-БЕЛ – Ош обл-нун Ноокат районундагы кыш­так. Көк-Бел айыл округуна караштуу. Ноо­кат – Папан автомобиль жолунун жээгинде, ¹ 44-жылкы з-дунун аймагында, деңиз деңг. 1640 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 32 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 87 км. Калкы 5385 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричи­лик кызматынын бөлүмдөрү ж-а соода жайла­ры иштейт. К.-Б-де эгемен Кыргыз Респ-нын биринчи премьер-министри Н. Исанов туулган.