КӨЗ БООЧУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ БООЧУ (фокусчу– иллюзионист) – көрүүчү­нүн көңүлүн алаксытып– чыныгы нерсени бур­малап ишендирүүгө машыккан эстрада ж-а цирк артисти. Ар кандай буюмдарды көз көрүнөө жок кылып же жоктон бар кылып– «таң каларлык» кубулуштардын пайда болуусуна ишендирүү үчүн алар көбүнчө байкалбаган кыймыл-аракет жа­сап– айрым учурда татаал аппараттарды ж-а механизмдерди пайдаланышат. К. б-лардын ай­рым номерлери химия– физика закондорунун жардамы м-н көптөгөн адам– айбанат катыш­кан театрлашкан программа түрүндө да көрсөтү­лөт. Көрүнүктүү орус К. б-лары: Э. Кио– А. Ако­пян– Кырг-нда Ф. Мукушева.