КОЭФФИЦИЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЭФФИЦИЕ́НТ [лат. со (сum) – биргелешип ж-а efficiens – иштеп чыгаруу] – белгисиз же өзгөрмө чоңдуктарды камтыган тамгалуу туюнт­манын белгилүү туруктуу көбөйтүүчү саны. 1 1 3 3 2 Мис., 4 а b бир мүчөдө К. ; х +3px+q=0 4 теңдемесинде х2тын К-и 1; хтин К-и 3p; айлана­нын уз. табуу формуласы С=2prде К. 2 болот. Формулалардагы көпчүлүк К-тер физ. закондорду туюндуруучу өзгөчө аталышка ээ: мис., сүрүлүү К-и, беттик тартылуу К-и ж. б. Ал эми матема­тикада: бир мүчөнүн К-и, бурчтук К., окшош­тук К., бином К-и, пропорциялаштык К-и ж. б.