КОШ-ЭТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ-ЭТЕР – Ош обл-нун Өзгөн районундагы кыш­так. Салам-Алик айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1360 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 49 км түш.-чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 99 км. Калкы 1018 (2007); неги­зинен мал м-н алектенет. Негизги мектеп, ки­тепкана, ФАП бар.