КОШ ЭЛЕКТР КАТМАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ ЭЛЕ́КТР КАТМАРЫ – фазалардын ти­йишкен чегинде (электрод-электролит) карама­каршы иондордун бөлүштүрүлүшүнүн натый­жасында электроддук кудуреттин пайда болу­шу м-н коштолгон катмар. Ал электродду жөнгө салуучу Кулон күчү м-н электролиттеги иондор­дун кыймылынан пайда болот. Анын түзүлүшү бири оң, экинчиси терс заряддалган катмардан турат ж-а бир капталы катуу, экинчиси суюк конденсатор сыяктуу. К. э. к. гельмгольц ж-а диффузиялык катмарлардан турат. Иондордун заряды, электролиттин концент-сы жогорула­ганда ж-а темп-ра төмөндөгөндө, К. э. к-нын калыңдыгы азаят. К. э. кубулуштарды катуу зат м-н суюктуктардын, газ м-н катуу заттар­дын тийишүү беттеринде пайда болот. Электро­лиз, электр-хим. реакция, металл коррозиясы, ион алмашуу ж. б. түшүндүрүүдө чоң мааниси бар.