КОШУЛБОО КЫЙМЫЛЫ
КОШУЛБОО КЫЙМЫЛЫ – жарыша куралданууга, «кансыз согушка» каршы пайда болгон бейтараптык кыймыл. 1955-ж. 24-апрелде Индонезиянын Бандунг ш-нда өткөн конф-яда (Азиянын 23, Африканын 6 мамлекетинен 340 делегат катышкан) К. к. түзүлгөн. Ага кирген мамлекеттер өздөрүнүн бейтараптуулугун ж-а ар кандай саясий уюм, блокторго кошулбай тургандыктарын жарыялап, согуштук-саясий блокторго кирбөө ж-а антиколониялык, эл аралык куралсыздандыруу ж-а Түн. Африка мамлекеттерине эгемендүүлүк берүү талаптарын койгон. 2006-ж. 116 өлкө К. к-на мүчө болгон. Конф-яларын өткөрүп турат.
Ад.: Алимов Ю. И. Неприсоединение: история,
теория, проблемы. М., 1990; Агаев Э., Крылов С. 116 государств в движении неприсоединения // Международная жизнь. 2006. ¹ 4.