КОШ ПРОЦЕССОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ ПРОЦЕ́ССОР (англ. coprocessor – копро­цессор) – компьютердин кубаттуулугун чоңой­туучу микропроцессор. К. п. белгилүү бир масе­лени иштетүүнү тездетүү максатында түзүлөт. Ма­тем. К. п. сан амалдарын тез аткарууга көмөк­төшөт. Айрым К. п. графиктик маалыматты көр­сөтүүнү тездетүүдө, айрымдары байланыш-ка­тышты жүзөгө ашырууда колдонулат.