КИЛЬ
КИЛЬ – Германиянын түндүгүндөгү шаар. Шлезвиг-Гольштейн жеринин (административдик-аймактык бирдик) администрация борбору (1946-жылдан). Балтика деңизинин жээгинде, Киль бухтасында жайгашкан. Калкы 236 миң (2008). Германия Федеративдик Республикасынын түндүгүндөгү башкы жол тоому. Килде ылдам жүрүү үчүн 6 автомагистраль кесилишет. Маанилүү соода, балык уулоочу жана жүргүнчү ташуучу порт (2006-жыл, жылына 4,4 млн. тонна жүк, 1,7 млн. жүргүнчү ташылат; Балтикадагы германиялык порттордун ичинен 2-орунда).

Паром аркылуу Гётеборг (Швеция), Осло (Норвегия), Клайпеда (Литва), Санкт-Петербург жана Калининград (Россия) шаарлары менен байланышат. 1242-жылы негизделген. XIX кылымдын 2-жарымында согуш кемелерин куруунун ири борбору болгон. 1860-жылы верфтер курулган. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча верфтеги аскердик өндүрүш токтотулган. Шаардын эски бөлүгүндө Гольштейн-Готторп герцогдорунун ак сарайлары (1280-жыл чен, бул жерде 1728-жылы Россия императору Пётр III туулган), ратуша (1907–1911), Ыйык Николай чиркөөсүнүн алдында Э. Барлахтын «Рух үчүн күрөшүүчү» айкели (1928), «HSH Nordbank AG» банк корпорациясынын 2 штаб-квартирасынын бирөө жана башкалар жайгашкан. Машина, кеме куруу жана ремонттоо, тамак-аш (балык беленделет, тоңдурулат, консерваланат), химия (анын ичинде фармацевтика) жана жеңил (полиграфия, эмерек) өнөр жайы иштеп, атайын танкерлер (нефть продукциялары жана суюк химикаттар ташылат), сүзүп жүрүүчү балык заводдору, аскер кемелери (дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүштөрдүн бири), локомотивдер, темир жол үчүн жабдуулар жана башкалар чыгарылат. Радиоэлектроника, электр-техника, жогорку тактыктагы оптикалык жана механикалык приборлор, телекоммуникация, радиоаппаратура жана кемелер үчүн жабдуулар, аквалангдар, деңиз миналары, тереңдикте колдонулуучу бомбалар жана курал-жарактарды чыгаруу өнүккөн. Кристиан Альбрехт атындагы университет [1665, Германиядагы эң ири университеттердин бири; курамында 165 илимий-изилдөө бөлүмчөлөрү, анын ичинде институттар; музейлер (зоология, геология, минерал.)], Мутезиус искусство жана дизайн (1907; 2005-жылдан университет), Киль жогорку мектеби (1969), илимий мекемелер, музейлер (анын ичинде искусство жана шаар галереялары, кемечилик, медицина жана фармацевтика тарыхы жана башкалар), театрлар («Шаушпильхаус» 1898; «Опернхаус» 1907), ири концерт залдары, филармониялар бар. Эл аралык музыка (1986; 2008-жылы орус музыкасына арналган) жана «Киль күндөрүнүн жаңы музыкалары» (2006; жыл сайын) фестивалдары өткөрүлүп турат. Киль – Европадагы парус спортунун ири борборлорунун бири. Килге жакын Мольфзе шаарында ачык асман астында Шлезвиг-Гольштейн музейи уюштурулган.