КУСТОДИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУСТО́ДИЕВ Борис Михайлович [23. 2(7.3). 1878, Астрахань – 26. 5. 1927, Ленинград] – орус живописчиси жана графиги. Петербург Сүрөт академиясынын академиги (1909). Петербург Сүрөт академиясында И. Е. Репинден окуган (1896–1903). 1911-жылдан «Искусство дүйнөсү»

Б. М. Кустодие в. «Көпөстүн аялы чай үстүндө». 1918. Орус музейи. Санкт- Петербург. бирикмесинин мүчөсү. Орус жаратылышы менен арх-расынын сулуулугун көргөзгөн пейзаждар­ды; о. эле рев-яга чейинки провинция типтерин жана көрүнүштөрүн («Чай ичүү», 1913, Третьяков галереясы ж. б.) ачык мүнөздөгү юмор менен тарткан. Жанрдык чыгармалардын, китеп иллюстрацияларынын, скульптура жана портрет­тердин автору. «Большевик» (1920, Третьяков галереясы), «Коминтерндин 2-конгрессинин ур­матына Урицкий аянтындагы майрам» (1921, Орус музейи) картиналарын жараткан. В. И. Лениндин образын сүрөт иск-восунда түзгөн. Театр сүрөтчүсү катары да белгилүү.


Ад.: Холлс М., Крестовникофф М. Скуба-дайвинг. М., 2007.