КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:12, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ . Көркөм сөз өнөрү жаралыш өзгөчөлүгүнө жараша негизги эки чоң бөлүктөн турат: 1) элдик оозеки чыгармачылык, башкача айтканда фольклор; 2) жазма адабият. «Адабият» түшүнүгү араб тилинен кирген «адеп» («адаб») сөзү менен байланыштуу. Ал адамдарды жакшы мүнөз, жүрүм-турумга багыттоочу, турмуш сырларын түшүндүрүү максатында жаралган чыгарма де­ген маанини берет. Бул сөз айрым тилдердегидей [(мис., литература – literaturа (тамга) деген латын сөзүнөн келип чыккан)] түздөн-түз «там­га», «жазуу» түшүнүктөрүнө байланышпаган­дыктан, азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, татар, түркмөндөрдө элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн да көп учурларда эл адабияты, калк адабитяты, оозеки адабият деп аташат. Ошентсе да, «адабият» бүгүнкү күндө, негизинен, жазма адабий чыгармачылык түшүнүгүн берүүчү термин катары колдонулат. Бардык элдердегидей эле кыргыз көр­көм сөз өнөрүнүн алгачкы үлгүлөрү оозеки формада жаралып, өнүгүп калыптанган. Элдин дүйнө таанымын, ой-тилегин, максат-мүдөөлөрүн, асылдык, көркөмдүк жөнүндөгү түшүнүктөрүн чагылдырган көркөм сөз үлгүлөрү муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп жашап келген. Нечен кылымдык карт тарыхында кыргыздардын оозеки, поэтикалык бай, санжыргалуу салттары калып­танган. Бабалардан калган баалуу сөз мураста­рыбыздын ичинде эмгек ырлары («Оп майда», «Бекбекей», «Тон чык» ж. б.), ырым-дарым айтымдары («Дамбыр таш», «Козу телүү», «Аш­тык сепкендеги айтым», «Ашуу-келме», алас­тоо, бадик айтымдары ж. б.), каада-салт, ар­ман, сүйүү, бешик ырлары сыяктуу чакан ли­рикалык жанрлардан тартып, «Манас» эпосу башында турган не бир керемет эпостор («Эр Төштүк», «Кожожаш», «Эр Табылды», «Курман­бек», «Жаныш-Байыш», «Жаңыл Мырза» ж. б.), жөө жомоктор, миф, легенда, уламыш­тар, дастандар, дидактикалык жанрдагы макал-­лакап, табышмак, жаңылмачтарга чейин бар. Тээ байыртан бери кыргыз эли «Манаска» өзгөчө орун берип, ыйык тутуп келген. Кыргыз эли «Манасты» улуттук-мамлекеттик идеологиясы, кыргыз эли, кыргыз жери түшүнүгүнүн бөлүнгүс атрибуту, этика, укук, милдет эрежелеринин кодекси, дүйнө тааным билимдеринин жыйнак «китеби» катары түшүнүшкөн. «Манас– жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн таалим алуучу роман-китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин ролун аткарган» (Б. Юнусалиев). «Манас» эпосун эл оозунан жазып алуу иши 19-кылымдын 2-жа­рымынан башталса да, бул улуу эпостун үчил­тигин ырааттуу жазып алуу жана элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн эл арасынан жыйноо иши Совет мезгилинде, тагыраак айтканда. 1922-жылдан кол­го алынган. Бүгүнкү күндө КР УИАнын Ч. Айтматов атн. Тил жана адабият ин-тунун Кол жаз малар фондусунда «Манас» эпосунун 80ден ашуун варианттарынын кол жазмасы сакталып турат. Фондудагы элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнүн негизинде «Эл адабияты» сериясы­нын 30 тому жарык көргөн. Кыргыздар тарыхта аты эң эрте белгилүү болгон Борб. Азиядагы эң байыркы элдердин бири. Кыргыздар 4–5-к-да орток түрк рун жазмаларын пайдала­нышканы, 9-к-да «Улуу кыргыз державасы» деп аталган өз алдынча кыргыз кагандыгын түзгө дүгү тарыхтан белгилүү. Кыргыз элинин жазма мад-тына тиешелүү көрүнүш катары 11-к-да жа­шап өткөн жердештерибиз М. Кашгаринин «Түрк сөздөрүнүн жыйнагы» жана Ж. Баласагунинин «Кут алчу билим» дидактикалык дастанын атоого болот. Кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн тарыхын­да акындар поэзиясынын – төкмө ырчылар менен жазгыч акындардын чыг-лыгы айрыкча мааниге ээ. Акындар бир жагынан бекем салттагы эл­дик оозеки поэзиянын туруктуу өкүлү болсо, экинчи жагынан чыгармачыл активдүү инсан, жекече индивидуалдуу көрүнүш. Алар элдик поэтикалык салтты сактоочулар жана жайылтуучулар болуу менен катар, аны жаңыча мазмун, жеке көркөмдүк табылгалар менен байытуучулар да болуп эсептелишет. Окуу-жазуу заманына жетип, эл оозунан чогултулуп, замандаш же шакирт болгон соңку муундагы акындардын айтуусу менен кагаз бетине түшүп, бүгүнкү күнгө жеткен материалдарга караганда төкмөлүк поэзия 19-к-дын 2-жарымы – 20-к-дын башында өзүнүн классикалык гүлдөө доорун башынан кечирип турган учур болсо керек. Буга далил катары санат-насыят, терме ырлардын; айтыш­тардын; күн, жер, аккан суу, шамал ж-дө на­турфилос.; өмүр, өлүм, карылык, балалык ж-дө турмуштук филос., замана темасында социал­дык-филос. ырлардын нечен түркүн керемет үлгүлөрүн Калыгул, Арстанбек, Чоңду, Эсенаман, Токтогул, Калмырза, Эшмамбет ж. б. у. с. акындар калтырышкан. 13–15-к-да жашап өткөн айрым акындар: Кет Бука, Токтогул ырчы, Асан Кайгы ж-дө аңыз кептерден башка дагы кандай акындар өткөн, эмне ж-дө жана ар кандай кайрыктарга салып ырдашкан – буга берилчү жооптор тарых барактарында белгисиз бойдон калды. 19-к-дын башынан Кокон хан­дыгы кыргыз аймактарына өз бийлигин жүргүзө баштагандан тартып, ал аймактарда диний мек­тептер, медреселер ачылып, сабаттуу адамдар пайда боло баштады. Мектеп, медреселерде жалаң эле диний ад-ттар эмес, о. эле көркөм чыгармалар, мис., Хафиздин, Навоинин, Бедилдин, Физулинин чыгармалары да окутулган. Кырг-ндын Россиянын курамына кирүүсү менен мад-т багытындагы өзгөрүүлөр дагы тездетилген темпте жүрө баштаган. Бул мезгилде диний мектептер менен катар кыргыз балдар да окуган орус-тузем мектептери ачылган. Сабаттуу адамдардын пайда болушу менен кыргыз коомчулугун­да казак, татар, өзбек, орус тилдеринде чыккан китептер, гезит-журналдар, кол китептер кеңири тарай баштаган. Сабаты ачылган, чыгармачылык шыгы бар айрым адамдар өз чыг-лыгын жазма түрүнө салууга аракет кыла башташкан. Жаз­гыч акындардын өкүлдөрү: Молдо Нияз, Нур­молдо, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков ж. б. Жазгыч акындардын ичинен 1911-ж. Молдо Кылычтын жер титирөө ж-дө жазган «Кысса ил зилзала» аттуу чыгармасы 1911-ж. Казандан китеп болуп басылып чыккан. Бул – кыргыз ад-тындагы басмадан чыккан эң алгачкы китеп. Кийин 1925-ж. Москва­дан ушул эле акындын «Тамсилдер» деген аталыштагы экинчи китеби жарык көргөн. Ага «Канаттуулар», «Бүркүттүн тою», «Буудайык» деген казалдар кирген. Бардык учурда, бардык адамдар тарабынан колдоого алынуучу акый­каттарга негизденген фольклордук (коллективдүү) чыгармачылыктан айырмаланып, акындар поэзиясында, өзгөчө жазгыч акындардын чыгармаларында субъективдүү жеке сезимдер, индиви­дуал көркөм ойлом элементтери орун ала баш­таган. Улуттук көркөм сөз өнөрү нагыз жазма ад-ттын өнүгүү жолуна чындап 20-к-дын 20-жыл­дарында гана түшө алды. Совет өкмөтү өзүнүн мамл. идеол. мүдөөлөрүнө ылайык билим берүү, басма иштерин жолго коё баштады. Мезгил талабына ылайык жаңы нуктагы жазма ад-ттын алгачкы өкүлдөрүнүн алгачкы чыгар­малары жарык көрдү. Кыргыз тилиндеги биринчи гезит «Эркин Тоо» 1924-ж. 7-ноябрда араб графикасында жарык көргөн. Бул кыргыздын биринчи гезитинин биринчи санына А. Током­баевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры жарыяланган. 1918–24-ж. аралыгында казак, татар тилдеринде чыгуучу «Көмек», «Тилши», «Ушкын», «Өрис», «Ак жол», «Шуро» гезитте­ринде «Шолпан», «Жас кайрат», «Аел теңдиги» журналдарында С. Карачев, К. Тыныстанов, Ж. Түлөгабылов, О. Лепесов, З. Лепесова, М. Мак­сүтов, М. Байчериков, К. Маликов, К. Баязы­ков, Б. Калпаков сыяктуу кыргыз жаштарынын ыр, аңгеме, кабарлары ошол гезит-журналдардын тилинде же накта эле кыргыз тилинде жарык көрүп турган. Аталган ысымдардын ичи­нен жаңы типтеги жазма кыргыз ад-тынын жа­ралышына өзгөчө салым кошкондор Сыдык Карачев (1900–37) менен Касым Тыныстанов (1901–37) болгон. Эне тилинде басма сөз органдары жоктугунан Совет бийлигинин алгачкы жыл­дарында С. Карачев көбүнесе татарча, К. Тыныстанов казакча жазышкан. Булар – кыргыз ад-тында чыгарма жаратып, улуттук жазма прозага да, поэзияга да, драматургияга да алгач бороз салгандар. 1918-жылдан 1924-ж. чейин мезгилдүү басылмаларда С. Карачевдин отузга жакын ыры, бир нече аңгемелери, көп сандаган публ. макалалары жарык көргөн. Басма иши жолго коюла элек 1924–30-ж. улуттук тилде биринчи кыргыз гезитинин жарык көрүшүнө, анын үзгүлтүксүз чыгып турушуна, андагы материалдардын кат-сабаты жаңы ачылган ка­рапайым журтчулукка жеткиликтүү болушуна жана улуттук журналистиканын калыптанышына С. Карачев зор эмгек сиңирген. Анын «Үй­лөнүүдөн качты», «Сүйгөнүнө кошула албады», «Армандуу эки жаш», «Ысык-Көл боюнда», «Алданган нур кызы», «Күкүк менен Зейнеп» деген туңгуч прозалык чыгармалары 1919–20-жылдардагы «Көмек» гезитинин сандарында жарыяланган. 20-жылдардагы кыргыз ад-тын изилдеген адабиятчы С. Жигитов С. Карачевдин 1926–27-ж. жазылган «Эрксиз күндөрдө» повести тууралуу: «Кыргыз прозасында турмуш акыйкатын реалисттик планда чагылдыруу, каармандардын образдарын жандуу кылып жа­сап чыгуу, турмуш жана табият көрүнүштөрүн таа­май көркөм деталдар аркылуу сүрөттөп берүү ыкмаларынын иштелип чыгышын изилдегенде «Эрксиз күндөрдө» эң кызыктуу фактылар берип, маанилүү теор. жалпылоолор чыгарыш үчүн жем таштай алат», – деген. Басмадан жарык көргөн алгачкы драмалык чыгарманын тексти да С. Карачевдин калемине таандык. С. Карачевдин «Теңдик жолунда» драмасы 1928-ж., «Төрага Зейнеп» драмасы 1929-ж. жарык көргөн. Ал эми кыргыз драматургиясынын жана улуттук театр өнөрүнүн төл башы чыгармаларынын бири катары аталып жүргөн М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасы 1927-ж. сахнага театр коллективинин оңдоолору менен коюлуп, кийин автор ал оңдоолорду эске алып, алымча-ко­шумчаларды киргизип, кайрадан жазып чык­кан. Пьесанын тексти 1938-ж. басмадан жарык көргөн. Кыргыздын жазма профессионалдык ад­тынын пайдубалынын түптөлүшүнө өзгөчө са­лым кошкон кыргыздын таланттуу уулу, акын, прозада, драматургияда да калем сынаган жа­зуучу, коомдук ишмер, агартуучу, кыргыз тил илимине негиз салган окумуштуу К. Тыныстанов болгон. К. Тыныстановдун 1919–24-ж. чыккан поэзиялык туундулары анын «Касым ырлар жыйнагынан» (Москва, 1925) орун алган. Жыйнакта казакча 12, кыргызча 21 ыр жана «Жаңыл Мырза» поэмасы орун алган. К. Ты­ныстанов – «Мариям менен көл жээгинде» (1924) аттуу көлөмдүү аңгеменин жана 1930-жылдардын башында кыргыз драмалык театрында коюлган «Академиялык кечелер» аттуу спектаклдер сериясындагы орчундуу драмалык сценкалардын автору. Кыргыз жазма профессионалдык ад­тынын пайдубалын түптөгөн 20-жылдардын көрүнүктүү калемгерлери С. Карачевге, К. Ты­ныстановго, кыргыздын туңгуч адабий сынчы­сы Т. Жолдошевге чыгармаларында Совет мам­лекетинин идеологиясына жат элементтер бар деген күнөө тагылып, 30-жылдардагы кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан. Кыргыз басма сөзүнүн туңгучтары «Эркин Тоо», «Ленинчил жаш» гезиттери, «Коммунист», «Жаңы ма­даният жолунда» журналдары өздөрүнүн биринчи санынан баштап ыр, жанытма түрүндөгү материалдарга кеңири орун берген. Улуттук ба­сылманын жаралышы менен акындык өнөргө талпынгандардын арасынан А. Токомбаев (1904–88), М. Токобаев (1905–74), М. Элебаев (1904–43), Ж. Жамгырчиев (1906–44), Б. Кененсариев (1896–64) өздөрүнүн чыгармачылык активдүүлүгү менен алдыга бөлүнүп чыгышкан. Бул жылдардагы поэзияда басымдуу көңүл коюлган темалар Октябрь рев-ясынын жеңиши, Совет мамлекети­нин саясатынын адилеттүүлүгү, Ленин, коллективдештирүү темасы, аялдар азаттыгы жана окуу, билимге умтулуу болгон. 20-жылдардын ад-ты­нын ичинде көпчүлүккө кеңири таанымал чыгарма – К. Баялиновдун «Ажар» повести. Бул повестте 1916-жылдагы көтөрүлүш учурундагы жана көтөрүлүштөн кийинки кыргыздардын тарткан азап-тозогунун реалдуу көрүнүшү таасирлүү эмоциялык-экспрессиялык деңгээлде чагылды­рылган. Ушул жылдар жаңы типтеги улуттук жазма ад-тыбыздын пайда болуу, жаралуу мез­гили болсо, 1930–40-жылдар кыргыз ад-тынын калыптануу жылдары деп эсептелет. 30-жыл­дардын поэзиясында А. Токомбаев, М. Элебаев, Т. Үмөталиев, Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликовдордун чыг-лыгы өзгөчө бөлүнүп кө­рүнөт. Кыргыз ад-тында көркөм прозанын жа­ралышы жана өнүгүшү жаңы турмушту, жаңы социалдык-маданий өзгөрүштөрдү ар тараптан кеңири жана реалдуу сүрөттөө муктаждыктары менен шартталды. Кыргыз жазуучуларынын ал­дында жаңы жанр, жаңы формаларды өздөш­түрүү, жаңы көркөм формаларды ачуу милдети турду. Кыргыз көркөм прозасын калыптанды­рууда А. Токомбаев («Жапардын каны», «Биз балапан кездерде», «Днестр терең деңизге куят», «Мезгил учат»), М. Элебаев («Китеп издегенде», «Бороондуу күнү», «Узак жол»), К. Маликов («Азаматтар»), К. Жантөшев («Каныбек»), Т. Сы­дыкбеков («Кең-Суу») сыяктуу жазуучуларыбыз зор салым кошту. 30-жылдардын ири жетишкендиги катары белгиленчү нерсе – бул көркөм ад-ттагы татаал жанр – роман жанрынын колго алынышы болду. 30-жылдардын ортосунда М. Элебаев «Узак жол», К. Жантөшев «Каны­бек», Т. Сыдыкбеков «Кең-Суу», А. Токомбаев «Кандуу жылдар» романын жазууга киришип, окурмандарга алгачкы кыргыз романдары тар­тууланды. А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романынын биринчи бөлүгү 1935-ж. жарыкка чыккан. Аталган үч калемгерден айырмаланып, А. Токомбаев романын ыр менен жазган. «Кандуу жылдардын» кийинки бөлүктөрү 1937-, 1940-, 1947-ж. жарыяланган. Кыргыз элинин тарыхындагы зор трагедия – 1916-жылдагы геноцид окуялары чагылдырылган бул чыгарма идеялык олуттуу катачылыктары бар чыгарма катары сынга кабылган. Роман кайрадан иштелип, «идеялык каталардан» арылтылып, 1962-ж. «Таң алдында» деген ат менен жарыяланган. Коллективдештирүү окуялары чагылдырылган Т. Сыдыкбековдун «Кең-Суу» романы да идеол. мүчүлүштөн куру эмес чыгарма катары бааланган. Бул роман да кайрадан жазылып, «Тоо арасында» деген ат менен жарык көргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргыз ад-тын­да мекенди фашисттик баскынчылардан коргоо үчүн элдин патриоттук сезимин көтөрүүгө багыт­талган поэзия, проза, драмалык чыгармалар жа­ралган. 40-жылдардагы кыргыз ад-тынын кыйырынан жаркырап жанган жарык – бул Алыкул Осмоновдун поэзиясы. Алыкул – калктын рухий дүйнөсүндө дайым жашап, окурмандар­ды поэзиянын керемет касиети менен тамшандырып, түбөлүк өмүр сүрө алчу өлбөс поэзия жараткан акын. Акындын 1945-ж. басмадан жарык көргөн төртүнчү жыйнагы «Махабат» – кыргыз ад-тында улуттук поэзиянын жаңы этабы башталгандыгын белгилөөчү факт. Осмоновдун чыг-лыгы кыргыз жазма поэзиясындагы жаңы көрүнүш экендигин анын тирүү кезинде эле айрым калемдештери, тагыраак айтканда. Ясыр Шиваза, Кайсын Кулиев, Темиркул Үмөталиевдер айтып чыгышкан. Анын оригиналдуу жаңычыл, чоң арыштуу сүрөткер экенин ил. багытта ачып көрсөткөн адабиятчы окумуштуулар Ш. Үмөта­лиев, Р. Кыдырбаева, С. Жигитов ж. б. болгон. Кыргыз поэзиясына согуштан кийин, 50–60-жылдары келгендердин арасында айтылуу акы­ныбыздан тике же кыйыр таасир албагандар, анын көркөм тажрыйбасынан азыктанбагандар дээрлик жокко эсе.
Согуш мезгилинде ад-тыбызда К. Жантөшевдин «Курманбек», К. Маликов менен А. Кутту­баевдин «Жаңыл», Т. Сыдыкбеков менен К. Рах­матуллиндин «Манас менен Алмамбет» драма­лары, А. Токомбаев менен К. Маликовдун «Сей­тек» либреттолору сыяктуу чыгармалар жарал­ды. Бул чыгармалар согуш мезгилинде элдин патриоттук ой-сезимин ойготууда маанилүү роль ойногон. Албетте, жогорудагы пьеса, либреттолордун бардыгынын эле көркөмдүк сапаты бир кылка эмес. Айрым чыгармалардагы эң негизги кемчилик – бул драма же либретто ак санатай жана кара санатай күчтөрдүн, жамандык менен жакшылыктын кескин карама-каршылыгына негизделип курулса да, сюжет чыныгы драмалык конфликттик деңгээлге көтөрүлө алба­гандыгында, образдардын статикалуулугунда. Эпостук сюжеттен алынып жазылган драмалар­дын ичинен «Курманбек», «Жаңыл» пьесалары гана кыргыз сахнасында жашоосун уланта алды. Согуштан кийинки мезгил, дегеле, бүтүн­дөй совет ад-ты үчүн абдан кыйын жана татаал мезгил болгон. Бул жылдары көркөм ад-тта кеңири жайылган конфликтсиздик теориясы ай­рыкча драматургияга терс таасирин тийгизген. Бул теория антагонисттик таптар жоюлган сов. коомдун социалдык-саясий биримдигинин, кол­лективдештирүүнүн шартында карама-каршы­лыктын болушу мүмкүн эмес деген жобого таян­ган. 50-жылдардын башында чыгармачыл интеллигенция тарабынан бул теориянын жаңы­лыштыгы сынга алынып, жокко чыгарылган. Дал ушундай кырдаалда Т. Абдумомуновдун «Тар капчыгай», «Атабектин кызы», «Ашыр­бай» пьесаларынын жарыкка келиши улуттук драматургияда жаңы көркөмдүк жылыштардын, маанилүү өзгөрүүлөрдүн башталгандыгын айгинеледи. Конфликтсиздик «теориясы» үстөмдүк кылган жылдарда көркөм ад-тта орун алган штамп, канондордун бузулушу дал ушул чыгармалардын сахнага чыгышы менен башталган. Т. Абдумомуновдун 50-жылдардагы жеке инсан­дардын ички дүйнөсүн чагылдырууда жетишкен идеялык-көркөмдүк өрнөктүү үлгүлөрү, көркөм психологизмди өздөштүрүүдөгү ийгиликтери дра­матургдар М. Байжиев, Б. Жакиев, акын жана драматургдар Ж. Садыков, Ш. Садыбакасов ж. б. тарабынан улантылды. Согуштан кийинки жылдарда кыргыз ад-ты да проза басымдуу орун ээлей баштады. К. Бая­линовдун «Бакыт» («Көл боюнда» повести), Т. Сыдыкбековдун «Тоо балдары» романы, Н. Байтемировдун «Салтанат», «Жаш жүрөктөр», «Акыркы ок» романдары, С. Сасыкбаев­дин «Түпкүрдөгү нур» ж. б. көптөгөн чыгармалары окурмандардын колуна тийди. 20-к-дын 50–60-жылдары улуттук ад-тыбыздагы өнүгүүнүн жаңы этабы башталган, жетилүү мезгили катары бааланат. Коомдук аң-сезимдин бир формасы катары эсептелген ад-тка коомдо жүргөн, саясий, социалдык өзгөрүүлөр өз таасирин тийгизген. 50-жылдардагы жеке адамга сыйынуучулукту сынга алган, репрессиялар маселесин козгогон КПССтин 1953-жылдагы Июль пленуму, 1956-жылдагы 20-съездинин, 1962- жылдагы 22-съездинин чечимдери эстетикалык­көркөм ойдун арымына да чоң шыкак берди. Адабий сын активдешти. Белгилүү сатириктер Р. Шүкүрбеков, М. Алыбаевдер жараткан ар бир сатиралык чыгарма чагылгандай тездик менен эл арасына кеңири тарап турду. Өндүрүшчү же саясий пропагандалык агитациялык темага жа­шынган, көркөмдүк наркы төмөн чыгармалар сынга алына баштады. Эл аралык чыгармачылык бай­ланыштар жакшырды. Чет өлкөлүк жазуучу­лар СССРге, биздин жазуучулар чет өлкөлөргө каттай баштады. Ч. Айтматов 50-жылдардын акыры 60-жылдардын башында ад-тка келген муунга «жаңы адабияттык генерация» деп анык­тама берип, алардын чыг-лыгын «улуттук тра­дициянын дүйнөлүк мад-т менен татаал айкалыш процессинде» өнүгүп жаткандыгын таасын бел­гилеп өткөн. Ч. Айтматов ад-т майданына 50- жылдардын биринчи жарымында келип, «Ак жаан» баштаган айрым чакан аңгемелерди жа­рыялаган. 1955-ж. жарык көргөн анын «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аттуу аңгемелери Ч. Айтматовдун ысмын окурмандар арасында белгилүү кылды. Бул чыгармалардан сентенциялуулук­тун кээ бир эпкини сезилип турганы менен, алардан автордун психол. анализге шыктуу экенди­ги, драматизмди чегине жеткире чагылдыра ала тургандыгы байкалды. 1957-ж. жазылган «Бет­ме-бет» повести учурунда эле «кыргыз ад-тын­дагы жаңы сөз» (К. Асаналиев) катары баалан­ган. Ал эми анын «Жамийла» повести кыргыз ад-тын дүйнөлүк аренага чыгарган алгачкы чыгарма болуп калды. 50–60-жылдары кыргыз ад-ты К. Каимов, А. Жакыпбеков, М. Байжиев, М. Гапаров, Т. Касымбеков, А. Саспаев, К. Жусупов, С. Эралиев, С. Жусуев, Ж. Садыков, Б. Сарногоев, Р. Рыскулов, О. Султанов, Э. Турсунов, Т. Кожомбердиев ж. б. көптөгөн акын-жазуучулар менен толукталды. Кийинки жылдары Ж. Мамытов, М. Абылкасымова, Т. Муканов, Т. Эргешов, Т. Самудинов, А. Жакшылыков, Б. Сартов, К. Алмазбеков, А. Өмүрканов, А. Ток-тогулов, С. Акматбекова, А. Рыскулов ж. б. көп сандаган жаш акындар окурман журтчулугуна кеңири тааныла алышты. 60–80-жылдары кыргыз көркөм котормо өнөрүнүн, о. эле кыргыз адабий сынынын жана ад-т таануу илиминин күр­дөөлдүү өнүккөн жылдары болду. Кыргыз мам­лекети эгемендүү өнүгүү жолуна түшкөн мезгил­ден бери акын, жазуучу, драматургдарыбыз за­ман талабына шайкеш чыгарма жаратуу араке­тинде эмгектенишүүдө. Кыргыз ад-ты өткөн доор­дун көркөм мурастарына, санжыргалуу бай поэ­тикалык салттарына таянуу менен мындан аркы өмүр сүрүүсүн уланта бермекчи.


Ад.: Кыргыз совет прозасынын очерки. 1-бөлүм. Ф., 1957; Асаналиев К. Кыргыз совет прозасынын очерки. 2-бөлүм. Ф., 1960; Краткая литературная энциклопедия. М., 1978; История всемирной лите ратуры. М., 1983; Жигитов С. 20-жылдардагы кыр­гыз адабияты. Ф., 1984; Кечээкинин сабактары, бү­гүнкүнүн талаптары. Ф., 1991; Кыргыз совет адабия­тынын тарыхы. 1-том. Ф., 1987; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 6–7-томдор. Б., 2002; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.

А. Кадырмамбетова.