КИЛИМАНЖАРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛИМАНЖА́РО (суахили тилинде – суук ку­дайынын тоосу; башка маалымат б-ча жаркы­раган тоо) – дүйнөдөгү эң ири жанартоолордун бири; Танзанияда (Чыгыш Африкада). Аянты 388,5 миң га. Бийикт. 5895 м (Африканын эң бийик жери). К. өчкөн 3 жанартоодон (Кибо – 5895 м, Мавензи – 5355 м, Шира – 4006 м) ту­рат. Ал негизинен трахибазальт ж-а фонолит тектеринен түзүлгөн. Нымдуу түш. ж-а түш.-ба­тыш капталдарына жылына (3100 м бийикте) 1000ден 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. К-нун этегинен 1000 м бийикке чейин саван­на, андан жогору кофе, банан плантациялары (1000–1800 м), эпифит ж-а папоротниктер ара­лаш тоо гилеясы (1800–3100 м), 4200 мге чейин тропиктик бийик тоо өсүмдүктөрү (парамос),

Килиманжаро жанартоосу (арткы планда).


ксерофиттүү жаздык сымал дан өсүмдүктөрү (4200–4800 м) ж-а лава талаалары ээлейт. Чоку­лары мөңгүлүү. Килиманжаро улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.