КИЛЕМ
КИЛЕМ – түр салып кооздоп токулган, бир жак бети түктүү, үйдүн тушуна тартуу, полго төшөө же бир нерсенин үстүнө жабуу үчүн колдонулуучу буюм. Имараттын ичин жасалгалоо, жылуулоо жана үн өткөрбөө үчүн колдонулат. Килемдин кооздугу токулуу өзгөчөлүгүнө (түктүү же түксүз), материалдын түрүнө (жүн, жибек, кендир, кебез жана башкалар), боёгуна, өлчөмүнө жана түс айкалышына жараша аныкталат. Килем түктүү жана түксүз болуп, вертикаль жана горизонталь станоктордо колго согулат (2 м2инин массасы 2,5; 3,2 кг же андан ашык) жана машина менен (1 м2инин массасы 1,8–2,2; 2,5 кг) даярдалат (к. Килем токуу).

Жаккар машинасы менен жабдылган көп чөлмөктүү станоктор түксүз килем токууда пайдаланылат. Жаккар машиналуу токуучу станоктордо бир эле маалда беш-алты түстүү килемдин өңү жана ичи даярдалып, анын өң жана ичинен эриш жиптери аркак жиптерине илинип бекитилип, учу бычак менен кесилет. Килем токуу байыртадан (мындан 10–12 миң жыл мурда килемдин бойро түрү кеңири тараган) эле белгилүү.
Евразия көчмөндөрү биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыкта кийиз килемди жасап чыгарышкан. Кой чарбасы өнүккөн аймактарда (Түндүк Месопотамия жана башкалар) түктүү килем жасоо ойлоп табылган. Биздин заманга чейинки IV кылымдын ортосуна таандык жогорку үлгүдөгү байыркы түктүү килем (ахемениддик Ирандын 5-Пазырык көрүстөнүнөн табылган) дүйнөлүк музейде (Эрмитажда) сакталып турат. Килем Чыгышта (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягында Борбордук Азияда) кеңири таралып, килем токуу иштери Түштүк (Индия, Пакистан жана башкалар), Түштүк.-Батыш (Түркия, Иран жаана башкалар) жана Борбордук Азия (Кытай, Моңголия, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башкалар), Кавказ (Азербайжан жана башкалар), Түндүк Африка (Египет жана башкалар), Чыгыш Европа (Россия, Украина, Молдавия, Белоруссия, Болгария, Румыния жана башкалар) жана Түндүк Европа (Финляндия, Швеция), Америка (инктер, навахолор) өлкөлөрүндө жакшы өздөштүрүлгөн. Азыркы учурда килем токуучу машиналардын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, килемдин структурасы жакшырып, аны бышык, түстүү жана бекем кылып жасап чыгаруу өркүндөтүлүүдө. Кыргыздар илгертен эле килем токуу менен алектенишкен. Кыргызстандын Лейлек, Баткен, Ноокат аймактарында килем токуу кеңири жайылган. Ошондой эле Кара- Балтада өнөр жайлык деңгээлде килем чыгаруучу ишкана иштейт. Килемдин көлөмү (ордо килем, калы килем, төр килем, төө килем, жайлоо килем жана башкалар), токулушу жана түр салынышы б-ча (жүл килем, арабы килем, барак килем, куйма килем жана башкалар) бири биринен айырмаланган түрлөрү бар, к. Килемчилик.
Ад.: Ленин Л. М., Свердлин В. И. Ковры и ковровые изделия. М., 1960; Уметалиева Ж. Т. Киргизский ворсовый ковёр. Ф., 1966; Руденко С. И. Древнейшие в мире художественные ковры и ткани. М., 1968; Зариф М. Ковры. М., 2006.