КИЙИЗ БУЮМДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЙИЗ БУЮМДАР – ки­йизден жасалып, турмуш-­тиричиликте колдонулуучу ар кандай буюм-та­йымдар. Кийиз буюмдар байыртадан эле пайдаланылып келген. Кийиз буюмдарына боз үйдүн тутуусу (үзүк, туур­дук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулга (тер­дик, ичмек, ком, чом, желдик), кийим-кечек (ке­ментай, калпак, чокой, кийиз байпак, доолдай, белдемчи), төшөнчү жана ар түрдүү буюмдар [ала кийиз (к. Алагийиз),

шырдак, туш кийиз, өрө кийиз, аяк кап, табак кап, текче, күзгү кап, самын кап, уук учтук, сал аяк (үзөңгү баштык), үртүк, кийиз кап, куржун, баштык, сувенир­лер жана башкалар] кирип, учурда кеңири колдонулат.