КИЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ
КИ́ЕВ-ПЕЧЁРА ЛАВРАСЫ – Рустагы эң байыркы монастырь, Киевде. Эркектер монастыры катары 1051-жылы негизделген. Киев-Печёра лаврасы XI кылымдын аягынан чиркөө жана маданияттын ири борбору болуу менен бирге саясий таасирге ээ болгон. 1240-жылы монастырь татар-моңгол жортуулунда кыйроого учураган. 1598-жылдан лавра деп аталган. 1926-жылдан тарыхый-маданий музей-корук, 1988-жылдан кайрадан монастырь. Киев-Печёра лаврасынын архитектуралык комплексине Жогорку лавра менен Алыскы жана Жакынкы үңкүрлөр кирет. Алар XI–XVIII кылымдарда курулган. Бул жасалма үңкүрлөрдө байыркы учурда монахтар жашаган жай жана храм – кийин XVI кылымга чейин көрүстөн, XI–XVI кылымдарда монастырь диний жана маданий борбор болгон:

жыл баян жазылган, икона тартуучу өнөркана, басмакана, мектеп иштеген. Байыркы курулуштары: Успенье собору (XI–XVIII кылымдар. 1941-жылы талкаланган, 1998–2000-жылдары калыбына келтирилген) – Троица чиркөөсү (1108-жыл, XVIII кылымда кайра курулган) – украин бароккосунун стилинде салынган таш дубалдар (1670–1702) – чиркөөлөр (1696–1698) жана бир катар имараттар бар. Төмөнкү лаврада Киев жана бүткүл Украина митрополитинин резиденциясы, диний академия, семинария жайгашкан. Жогорку лаврада музейлер, тарыхый китепкана жана башка маданий мекемелер бар. Киев-Печёра лаврасы София собору ансамбли, Спас Преображение чиркөөсү менен бирге Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.