КИДАЙШ-ПОКРОВСКАЯ
КИДА́ЙШ-ПОКРО́ВСКАЯ Нинель Викторовна
(1926, Россия, Орёл ш.) – түрк тилдүү элдердин
фольклорун изилдөөчү. 1950-ж. Москвадагы М. В. Ломоносов атн. ММУнун филология
ф-тин бүтүргөн. 1954–58-ж. Н. К. Крупская атн.
Бүткүл союздук эл чыг-лык үйүндө О. Азия респларынын ж-а Казакстандын түрк тилдүү элдеринин фольклорун изилдеп, ад-т тармагында эмгектенген. Эмгектери 1971-жылдан СССР ИАнын
«Наука» басмасынан чыккан «СССР элдеринин
эпостору» акад. сериясынын томдорунда жарык
көргөн. К.-П. – ил. котормодон тышкары тарыхый-этногр., лингв., фольклордук мүнөздөгү комментарийлердин автору. Ал «Манас» эпосунун 4 томун басып чыгарууга да катышкан.