КОЧКОР ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР ӨРӨӨНҮ Ички Теңир-Тоонун түн­дүгүндө. Түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, баты­шынан Кызарт ж-а Жумгал тоолору, түштүгүнөн Карагатты, Баба-Ата, Үкөк тоолору, чыгышы­нан Кара-Коо тоосу м-н чектелет. Түн.-чыгы­шында Орто-Токой суу сактагычы бар. Кочкор р-нунун аймагында. Өрөөндүн уз. 80 км, туура­сы 20 кмче. Кеңдик б-ча жайгашып, трапеция формасында. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 1800–2500 м. Рельефи морфол. өзгөчөлүгү б-ча аккумуляциялык түздүккө, өрөөн ичиндеги, тоо этегиндеги адырларга ж-а тоолорго бөлүнөт. Айланасындагы тоолор өрөөндөн салыштырма­луу 1500–2500 м бийикте жатат. К. ө. негизинен палеоген-неоген ж-а төртүнчүлүк мезгилдердин чөкмө тектеринен түзүлгөн. Палеозойдун чулу тоо тектери Ортоктун тоосунда ж-а өрөөнгө ки­рип турган тоолордун тармагында чыгып жа-

Өрөөнүндөгү эгин талаасы. Арткы планда Кургак-Үкөк тоосу.

тат. Өрөөн – тектон. түзүлүшү б-ча асимметрия­луу грабен-мегасинклиналь. Кен байлыктары­нан таш туз ж-а курулуш материалдары маа­нилүү. Климаты континенттик, кургакчыл, июл­дун орт. темп-расы 16,3°С, январдыкы –10°С. Батыштан соккон «кызарт» шамалы жыл бою үстөмдүк кылат. Жылдык жаан-чачыны 200– 300 мм. Кочкор суусунун бою саздуу. Өрөөндүн таманы ачык күңүрт ж-а коңур, ал эми тоо кап­талдарында көбүнчө куба коңур топурактуу.
Өрөөндө шалбаалуу саздак (өлөң чөп, камыш, кыйгак), жарым чөл ж-а кургак талаа, тоолор­до талаа (кара кыяк, бетеге, тарак башы, шы­бак), субальп, альп доңуз сырттуу шалбаа (ай­гыр жыгар, сары байчечекей, шимүүр ж. б.) өсүмдүктөрү, суу бойлорунда чычырканак, тал


өсөт. Чыгышы кургакчыл, жарым чөлдүү (Се­миз-Бел, Кара-Ой, Арсы ж. б.), борб. бөлүгү кургак талаа ж-а саздуу түздүк, түндүгү жан­тайыңкы шиленди-түздүктүү кургак талаа (Ко­ңорчок, Кыргоо ж. б.), түш. жагы адырлуу та­лаа (Туз, Айгыр-Жал, Ара-Көл), түш.-батыш бөлүгү бетеге талаалуу өрөөн (Узун-Булак) ж-а түн.-батышы тоо шалбаалуу-талаалуу өрөөн (Ийри-Суу). Орток м-н Кыргыз Ала-Тоонун ара­лыгында мореналуу Сарала-Саз-Акбез шалбаа­луу талаасы, өсүмдүктүү өтө жантайыңкы ши­ленди түздүк орун алган. Өрөөндүн таманы дый­канчылыкка, тоолуу бөлүгү жайыт, өзгөчө кыш­кы жайыт катары пайдаланылат. Табигый өзгө­чөлүгү мал чарбасын өнүктүрүүгө ыңгайлуу.
Өрөөндө Ак-Учук, Чолпон, Кең-Суу, Арсы, Кум- Дөбө, Шамшы, Кара-Саз, Теңдик ж. б. кыш. ж-а райондун борбору – Кочкор кыш. бар. К. ө. аркылуу Бишкек – Торугарт, Балыкчы – Миң­куш автомобиль жолдору өтөт.


Ад.: Исаченко А. Г. Ландшафтоведение и физико­географическое районирование. М., 1990; Кыргыз жергеси. Ф., 1990; Подрезов О. А. Горная метеоро­логия и климатология. Б., 2000.

Д. Шакирбеков, Т. Кулматов.