КОЧКОР-АТА ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНИ
КОЧКОР-АТА ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Чаткал кырка тоосунун түш. капталында, Касан суусунун сол куймасы – Кочкор-Атанын ортоңку агымында жайгашкан. 1956-ж. табылган. Кен аймагын таш көмүр мезгилинде жиреп чыккан гранит ж-а гранит-диорит тектери түзөт. Аларды түн.-чыгышка созулган тектон. жарака кесип өтөт. Бул аймакта тоо тектер талкаланып, серициттешип, хлориттешип, өзгөрүүгө учураган. Кенташ тулкулары тектон. жараканы бойлой майда тарамча, уя, линза түрүндө жайгашкан. Калыңдыгы 1–2 смден 0,5 мге чейин жетип, курамы галенит-сфалериттүү, пирит-арсенопириттүү, гематит-магнититтүү.