КОЧКОР 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЧКОР – Чүй д-нын сол курамы. Кочкор р-нунда. Уз. 45 км, алабынын аянты 2590 км2. Чыгыш Каракол м-н Сөөк сууларынын кошу­лушунан түзүлөт. Ортоңку ж-а төмөнкү жа­гында саздуу кенен Кочкор өрөөнү аркылуу агып, нугунун туурасы 20–30 мге жетип, салаа­ларга бөлүнүп кетет. Көп жылдык орт. чыгы­мы 12,6 м3/сек, эң көбү 32,6 м3/сек (август), эң азы 6,9 м3/сек (декабрь). Октябрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймалары: Чыгыш Каракол, Сөөк, Кызарт, Мыкан, Шам­шы ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ман-

Өрөөндүн түн.-чыгыш бөлүгү.


тыш, Кызыл-Дөбө, Кум-Дөбө, Чолпон, Кочкор ж. б. кыш. жайгашкан.