КОТОВСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТО́ВСКИЙ Григорий Иванович [12 (24). 6. 1881, Бессарабия губерниясы, Ганчешты (азыр­кы Молдавия, Хынчешть ш. – 6. 8. 1925, Украи­на, Одесса обл., Овидиополь р-ну, Чебанка кыш.] – сов. аскер жетекчиси. 1900-ж. а. ч. окуу жайын бүткөн. Кедей дыйкандардын талабын коргоп, помещиктерге каршы күрөшкөндүгү үчүн бир нече жолу камакка алынып, сүргүнгө ай­далган. 1918-жылдан Одессада большевиктер м-н иштеп, аскердик-диверсиялык иштерди же­тектеген. Молдавияда Совет бийлигин орнотуу­га, 1919-ж. ноябрь айында Петроградды коргош­кон. Жарандык согушта атчан аскерлер брига­дасынын, дивизиясынын, корпусунун команди­ри болуп, Н. И. Махнонун, С. В. Петлюранын, А. С. Антоновдун куралдуу топторун жоготуу­га катышкан. К. – УССРдин курамында Мол­даван АССРин түзүүчүлөрдүн (1924) бири. К-дин аскердик талантын М. В. Фрунзе жогору баала­ган. Сөөгү бальзамдалып, Бирзула ш-нда (азыр­кы Котовск ш., Одесса обл., Украина) К-дин ысмынан аталган мавзолейге коюлган. Үч жолу Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.


Ад.: Шмерлинг В. Г. Котовский. М., 1951; Кузьмин Н. П. Меч и плуг: Повесть о Г. Котовском. М., 1976; Ананьев Г. А. Котовский. М., 1982.