КОРНЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРНЕ́ЛЬ Пьер (6. 6. 1606, Руан – 1. 10. 1684, Париж) – француз драматургу. Чыг-лыгын акын катары баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Поэтикалык аралашма» деген ат м-н 1632-ж. жарык көргөн. «Сид» (1637) комедиясы – клас­сикалык театрдын алгачкы жогорку үлгүсү. К. «Гораций» (1640), «Цинна» (1640–41), «По­лиевкт» (1641–42) ж. б. трагедиялардын, зулум­дукту ашкерелеген «Сурена» (1675) пьесасынын автору. К. – Жаңы мезгилдеги европа театры­нын түзүүчүсү, француз театрынын «атасы», классицизмдин эң ири драматургу.


Ад.: Большаков В. П. Корнель. Жизненный и творческий путь. М., 2001.