КОРЖЕНЕВСКИЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЖЕНЕ́ВСКИЙ МӨҢГҮСҮ – Чоң Алай кыр­ка тоосунун түн. капталындагы эң ири мөңгү. Уз. 22,5 км, аянты 89,1 км2. Кызыл-Суунун сол куймасы – Жанайдартак суусунун алабынан орун алган. Бутактанган тоо-өрөөн мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Башы деңиз деңг. 6210 м, этеги 3880 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5000 м, абляциясынын аянты 23 км2. Ортоңку мореналар м-н бөлүнгөн бир нече тармактары­нын биригишинен түзүлөт. «Тилинин» учу калың

морена м-н текши капталган. Мөңгү Н. Л. Кор­женевскийдин ысымынан аталган.