КОРГОЛ
КОРГОЛ Досуев [1890, Наманган уезди, Суусамыр болушу (азыркы Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Токтобек-Сай айылы) – 1962, Токтогул р-ну, Токтогул совхозу] – төкмө ырчы, комузчу. Атасы Досу дыйканчылык, мергенчилик, ус-

тал ык м -н к үн көргөн чебер комузчу, энеси мыкты кошокчу болгон. К. комуз чертке нди атасынан үйрөнгөн. Ниязаал ы к ому зчу дан т а ал и м-тарб ия алып, ырчылык өнөрү 14 жашында башт ал ган. Кийин Токтогулдун эң жакын шакирти болгон. Аны м-н бирге жүрүп, ырчылык, комузчулук өнөрүн өркүндөткөн. Андан «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Нуржан», «Кедейкан» аттуу дастандарды үйрөнгөн. Анын «Терс кайрык», «Шыңгырама коштошуу», «Кыз кербез» ж. б. күүлөрүн чебер аткарган. К-дун ырлары («Эски заман», «Ак Бакай», «Куйручукка жооп», «Терме» ж. б.) кыскалыгы, сөздөрүнүн курч, таамайлыгы м-н айырмаланат. К. чоң насаатчы да болгон. Т. Тыныбеков, А. Мундузбаев, Т. Абдиев сыяктуу акындар К-дун ырларынан таалим алышкан. К-дун чыгармалары бизге толук жеткен жок. Андан айтыш ырларынын, термелеринин айрымдары, Токтогулдун «Алымкан», «Терс кайрык» ж. б. ыр, күүлөрү жазылып алынган. «Опосуз дүйнө», «Ак Бакай», «Өмүрүм», «Дүйнө», «Жаш кайрык», «Айкүмүш» ж. б. обон, күүлөрдүн автору. О. эле элге кеңири белгилүү Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Бекназар, Кулуке, Алымкул, Токтосун, Калык м-н айтыштары бар. «Ак Бакайды» комузчу Б. Мадазимов иштеп чыгып, классикалык күүгө айландырган. «Коргол ырчы» аттуу ырлар, айтыштар, терме, эскерүүлөр жыйнактары чыккан (1961, 1993). Анын терең философиялуу чыгармалары акындар чыг-лыгынын кайталангыс баалуу мурасы болуп калды.
Ад.: Бөкөнбаев Ж. Токтогул жана Коргол ырчы//
«Кызыл Кыргызстан», 1938, 11-август; Виноградов В. Киргизская народная музыка. Ф., 1958; Сооронов О. Бештин бири. Коргол Досу уулу. Коргол. Б., 1993; Турсункан Ко ргол кызы. Атам Коргол жөнүндө // Кыргыз маданияты, 1991, 26-декабрь.