КЫРГЫЗ БАЛДАР АДАБИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:01, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ БАЛДАР АДАБИЯТЫ – кыргыз адабиятынын бир бутагы. Кыргыз балдар адабиятынынжаралышы, кыр­гыз совет адабиятынын пайда болушу ж-а өнүгүш тарыхы м-н тыгыз байланыштуу. Жалпы профессионал адабият сыяктуу эле К. б. анын да өсүп чыккан табигый булактарынын бири – фольклор. Оозеки адабиятта балдарды адамгерчиликтүү сапаттарга, патриоттук сезимге үндөгөн жаш муунга таалим-тарбия берүүчү элдик чыгарма­лар ар кыл темадагы жомоктор («Асан жана Үсөн», «Акылдуу бала», «Элчи бала», «Күч бир­дикте» ж. б.), бешик ырлары, оюн ырлары, са­нат, насыят чыгармалар, табышмактар, жаңыл­мачтар көп жаралган. Кыргыз балдар адабиятынынтүзүлүшүндө ж-а өнүгүшүндө ырчылар поэзиясынын классик­теринин (Токтогул Сатылганов, Тоголок Мол­до, Барпы Алыкулов) балдарга арналган чыгар­маларынын мааниси чоң. Басма бетинде бирин­чи К. Баялиновдун «Чабалекей менен жылан», «Түлкү менен суур» (1927), «Жетилген жетим» (1928), «Мурат» (1929) аңгемелери жарыяланган. 20–30-жылдары А. Токомбаевдин «Жетим» (1927), «Эшим жетим» (1928) поэмалары, С. Са­сыкбаевдин «Кичинекей жумушчу» (1932), «Ча­бандын баласы жана көк музоо» (1935), К. Ма­ликовдун «Сарала козу», «Бактылуу кыз» (1936), «Сулайманов Керимбек» (1937), К. Жантөшевдин «Мендирман» (1938), Ж. Бөкөнбаевдин «Бал­дар үчүн ырлар» (1939), Т. Үмөталиевдин «Күч бирдикте» (1939), Н. Байтемировдун «Жомок­тор» (1939), К. Эсенкожоевдин «Шарше», «Сая­катчы бала» (1937), «Родинанын уулу», «Үчүнчү шар», «Канаттуулардын сыры» (1939) ж. б. чы­гармалар жаралган. Булар кыргыз жазма ад­тындагы Кыргыз балдар адабиятынынтуңгуч көркөм туундула­ры эле. К. Баялиновдун «Ал эми жетим эмес», Т. Сыдыкбековдун «Кичинекей патриоттор», «Сагынбадымбы», С. Сасыкбаевдин «Партизандын уулу» аңгемелери, А. Токомбаевдин «Бүркүт менен үкү», Ж. Бөкөнбаевдин «Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт», «Чептен эрдин күчү бек», А. Токтомушевдин «Бала» аттуу поэмалары, тамсилдери – 1940-жылдардагы

Кыргыз балдар адабиятынынандан аркы сапаттык өнүгүшүн далилдеген баалуу чыгармалар. К. б. а. айрыкча согуштан кийинки мезгилдерде тез темп м-н өнүгүп, А. Токомбаевдин «Биздин китеп» (1949), А. Осмоновдун «Балдар үчүн» (1947), Т. Үмөталиевдин «Тартуу» (1948), «Кичинекейлерге ыр» (1956), К. Маликовдун «Жеткинчектер» (1954), А. Токтомушевдин «Жаштын тилеги» (1948), «Жакып уулу» (1957), Р. Шүкүрбековдун «Эки бөжөк» (1958) деген китептери басмадан чык­кан. Бул чыгармаларга сезимталдык м-н терең мазмун, образдарды реалисттик ачуунун жаңыча ыкмалары мүнөздүү. К. Жантөшевдин «Тилек» повести (1949), Т. Сыдыкбековдун «Тоо балдары» (1953) романы Кыргыз балдар адабиятынынөнүгүшүндө­гү жаңы баскычты белгилеген. К. б. а. азыркы учурда көркөм деңгээли жогору, тарбиялык маа­ниси терең, тематикасы ар кыл чыгармалар м-н толукталууда. Ч. Айтматов, М. Жангазиев, Ш. Бейшеналиев, И. Исаков, А. Кыдыров, Т. Кожомбердиев, А. Айтбаева, Ж. Садыков, Б. Сарногоев, С. Жусуев, Т. Самудинов, Б. Асана­лиев ж. б. акын-жазуучулар «балдар дүйнөсүн» чебер талдаган кызыктуу чыгармалары м-н балдарга белгилүү болду, к. Балдар адабияты, Кыргыз балдар фольклору.


Ад.: Түлөгабылов М. Кыргыз балдар адабияты. Ф., 1963; Балдарга арналган оозеки чыгармалардын үл­гүлөрүнөн. Ф., 1972; Кыргыз элинин санат-насыят жана терме ырлары. Ф., 1973; Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1975; Кыргыз балдар адабияты. Биобиблиографиялык справочник (1926–1966). Ф., 1969.