КИБЕРНЕТИКА
КИБЕРНЕ́ТИКА (гр. kybern–tike – башкаруу өнөрү) – татаал башкаруу системаларында маалымат алуунун, сактоонун, берүүнүн ж-а өзгөртүүнүн жалпы закондору ж-дөгү илим. Башкаруу системасы катары жалаң эле тех. эмес, ар кандай биол., адм. ж-а социалдык системалар да алынат. Өтө татаал башкаруу системаларына тирүү организмдердин (адам организмин) нерв системалары, адам коомундагы башкаруу аппараты мисал боло алат. «К.» терминин 1-жолу (байыркы гректерден кийин) 1834-ж. фр. окумуштуу Ампер адам коомун башкаруу ж-дөгү илимдин классификациясын түзгөндө колдонгон. Амперден кийин бул термин бат эле унутулуп калган. Кийин илимге 1947-ж. Н. Винер киргизген. Ал теор. (матем. ж-а логикалык негизи ж-а философия маселелери), тех. [башкаруу ж-а эсептөө түзүлүштөрүндө колдонулуучу тех. каражаттарды ойлоп табуу ж-а иштетүү (программалоо)], колдонмо (теор. ж-а тех. К-ны ө. ж., энергетика, транспорт, байланыш кызматтары ж. б. маселелерди чечүүдө колдонуу) болуп үч тармактан турат. Азыркы К-нын өз алдынча ил. багыттарды элестеткен бир катар бөлүмдөрү бар. К-нын теор. ядросун маалымат, алгоритмдер, автоматтар, операцияларды изилдөө, оптималдуу башкаруу, образдарды таанып-билүү теориялары түзөт. К. башкаруу системаларын ж-а акыл эмгегин автоматташтыруу үчүн система түзүүнүн жалпы принциптерин иштеп чыгат. К-нын маселелерин чечүүчү негизги тех. каражат – ЭЭМ. Ошондуктан К-нын өз алдынча илим катары пайда болуусу 20-к-дын 40-жылдарында мындай машиналарды түзүү, ал эми К-нын теор. ж-а практикалык өнүгүшү электрондук эсептегич техника прогресси м-н байланыштуу. Технол. процесстерди автоматташтыруу маселесин чечүүгө багытталган илимдерди камтыган К. тех. К. деп аталат. Технологияны башкаруу маселелери өндүрүштү уюштуруу ж-а экон. (пландаштыруу, керектүү материалдар м-н жабдуу, чыгарылган продукцияны өткөрүү, финансы операцияларын жүргүзүү ж. б.) башкаруу маселелери м-н түздөн түз байланыштуу. Бул маселелерди экон. К. чечет.
Ад.: Винер Н. Кибернетика и общество. М., 2003.